Бул дүйнөнүн убактылуу кооздугу жана чыныгы мекен – акырет

A9 TV 2015-01-08

Views 25

Адамдын алтымыш-жетимиш жылдык кыска өмүрү бар. Жана бул өмүр кум сааты сыяктуу тынымсыз азайып отурат. Жана ар бир адам акыретти көздөй жакындай берет. Бул дүйнө - Аллахтан коркуп-сактангандар менен Ага шүгүр келтирбегендерди айыруу үчүн даярдалган сыноо мекени. Ушул себептен, адамдар ыймандары белгилүү болушу үчүн ар кандай жолдор менен сыналууда. Аягында Аллахты чындап таанып, Аны урматтап, Андан корккондор чындыктан баш тартуучулардан айырмаланышат жана кутулууга жетишет. Куранда акырет жашоосу «чыныгы жашоо» деп айтылат. Бул сөз дүйнө жашоосунда чындык кабыл алынган бардык нерселердин биз ойлогондон такыр башкача экендигин көрсөтөт. Дүйнөдө адамдардын өмүр бойу артынан чуркаган нерселер, ээ болууга аракет кылган байлыктар акырет менен салыштырганда, «чыныгы» эмес «жасалма» болуп калат. Ар бир адам акыр аягында Аллахка кайтарылат жана акыретте бүт нерсенин чыныгы жүзүн көрөт.

Share This Video


Download

  
Report form
RELATED VIDEOS