Жүзгө жетпей калган согуш ардагери
Бүгүн Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратаалы Будайчиев 99 жашында көз жумду. Аны акыркы сапарга узатууга Башкы штабдын оркестри жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери келишти.